www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор райондук соту турмушка чыккан жашы жете элек кыздын жакындарына өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде көрсөтүлгөн.
Маалым болгондой, беш адамга айып тагылган. Алар – кыздын күйөөсүнүн ата-энеси, апасы, жөрөлгөнү өткөргөн молдо жана күйөөсү.
«Соттук отурумда жабырлануучунун апасы 16 жаштагы кызынын турмушка чыгышына каршы экенин айтып, бирок кызы анын турмушка чыгуусуна макул болбосо, өз өмүрүнө кол сала турганын айтып, коркуткан. Ал кызынын өзүн-өзү өлтүрүп алуусунан коркуп, макул болгон. Учурда К.Н. күйөөсү менен жашайт. Күйөөсүнүн ата-энеси сотто уулу үйлөнүү ниети бар экенин айтканын жана алар кыздын жашын сурашпаганын, бирок кыргыздын каада-салты боюнча сөйкө салып, анан үйлөнүшкөнүн айтышкан», — деп айтылат өкүмдө.
Молдо буга чейин нике ырым-жырымдарын жасоо учурунда түгөйлөрдүн паспортторун текшерип келгенин айткан. Бирок бул жолу ага кыз паспортун жоготуп алганын айткан. Кыз өзү сотто жигитти сүйүп калганын, ага турмушка чыгууга өз ыктыяры менен макул болгонун билдирген.
Жаш жубайлар нике кыйбай коет деп коркуп, дин кызматкерин алдап кетишкен. Кыз учурда жолдошунун үйүндө жашайт.