www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Сокулукта сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот. Бул тууралуу Ализа Солтонбекова парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда ал бала чоң энеси менен Ат-Башы районунда турат. Социалдык кызматкерлер көзөмөлгө алып карап жатышат.

"Баланын апасы кош бойлуу экен, ал кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранып жатат. Бирок мыйзамда ага жол берилбейт, кандай учур болбосун бардыгы так көрсөтүлгөн. Биздин министрликтин балдар менен иштеген бөлүмүнүн адистери сотторго катышып, баланын укугун жактайт. Бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз", — деди Солтонбекова.

Эске салсак, Сокулук районунда өгөй атасы сабаган алты жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Маалыматты жеткинчектин апасы тараткан. Андан соң өгөй атасын милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости