www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйгө кол салуу учурунда жабыркагандарга түрк клиникасы акысыз операция жасашты. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл орусиялык “Около политики” журналына айтып берди.

Ал коронавируска каршы күрөшүүдө ыктыярчыларга жана 5-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан куугунттуктоодо жаракат алгандарга жардам берерин белгиледи.

«Мен ыктыярчыларды каржылабайм, жөн гана алардын ишин уюштурам. Андан тышкары, мен азыр 5-6-октябрь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берип жатам, анын ичинен миңден ашуун адам жаракат алган. Айрымдарына буга чейин бир нече жолу операция жасалган. Активисттер менен мен балдарга жардам берип жатабыз», – деди ал.

Айгүл Жапарованын айтымында, түрк клиникаларынын бири чоң жардам жана колдоо көрсөткөн, ал жерде операциялар акысыз жасалган.

Ошондой эле Айгүл Жапарова жолдошу Садыр түрмөдөн чыккандан кийин экөө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбой калгандыгын айтты.

«Бизде премьер-министрдин кызматы жөнүндө кеңешүүгө убакыт болгон жок. Бул тез жана өзүнөн-өзү болуп кетти. Бирок жолдошум чыкканда эл аны колдой тургандыгын айткан. Ал буга толук ишенген», – деди Айгүл Жапарова.

Орус журналы аны Кыргызстандын “биринчи айымы” катарына киргизген. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 15-октябрдан 14-ноябрга чейин премьер-министр болуп, убактылуу өлкө президенти болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости