www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков эгиз уулдуу болду.
Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, сүйүнчүлөдү.
Ырчы жаңы төрөлгөн уулдарына жакшы тилектерин билдирип, алардын динге кызмат кылган, элге пайдасы тийген жигиттерден болушун каалаган.
«Эгиз уулдарым динге мээнет кылган, элге кызмат кылган жигиттерден болсун», — деп жазган Иманбеков.
Ырчыны санаалаштары жана күйөрмандары наристелердин жарык дүйнөгө келиши менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Мирбек Иманбеков буга чейин жубайы менен үч кыз жана бир уулду тарбиялап келген.
Эгиз уулдардын төрөлүшү менен үй-бүлөдө балдардын саны алтыга жетти.