www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирбек Кожоев:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жалпы элге кайрылды. 

--"Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары, жакында облус аймагында катталган селдин кесепети барыбызды түйшүккө салды. Учурда селден жабыркаган жерлер калыбына келтирилүүдө, чыгымдар эсептелүүдө.

Мен өзүм расмий иш сапар менен Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында жүргөндүктөн, табигый кырсык болгон күндөрү сиздер менен боло албадым. Бүгүн, 2-август күнү расмий визитибиз аяктап, Кыргызстанга кайтам.

Эртеңден тартып, облус ичинде сел каптаган аймактарды кыдырып, тиешелүү мекемелер менен бирдикте тез арада калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз. Буга чейин тийиштүү мамлекеттик мекемелер, менин орун басарларым, кошумча күч, техникаларды тартып иш барып жатышты.

Кыргызстаныбыз бөөдө кырсыктан оолак болсун!", - дейт Кожоев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости