www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чек ара маселесин ар бир келген президент эле чече салайын деп киришпейт", - деди бүгүн, 25-августта NazarNews маалымат агенттигине активист Мирбек Маниясов.

- Мирбек мырза, чек ара маселеси азыр да орчундуу, көйгөйлүү маселлердин бири болууда. Азыркы бийликтин чек араны чечкенге күчү жетеби?

- Чек ара маселеси бул өтө оор, татаал маселе. Ошон үчүн чек ара маселесин ар бир келген президент эле чече салайын деп киришпейт. Негизи чек ара маселесин чечүүгө саясий эрк керек. Мурунку президенттерде саясий эрк жок болду. Буюрса, азыркы ажобуз бул маселени кылдаттык менен шашапай, мөөнөтү бүткүчө дипломатия жол менен чечет деп ишенем.

- Бирок, чек ара маселесин биз чечүүгө кызыкдар болгону менен коңшу мамлекеттер чечилишин каалабай жаткандай го?

- Менимче, коңшу мамлекеттер да буга кызыкдар. Анткени, чек ара маселеси алар үчүн да өтө оор маселелерден. Ошон үчүн алар да тынчтык жол менен чечкенге кызыкдар деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости