www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул шаарды куруу реалдуубу? Жеке мен үчүн Асман шаары утопия сыяктуу сезилет. Мындай пикирин журналист Мирлан Дүйшөнбаев билдирди.
"Бүгүнкү бийликтегилердин батыл, чечкиндүү аракеттерин негизинен колдоп келем. Бюджеттин кирешеси артып, экономикалык-социалдык ири долбоорлордун башталып жаткандыгы колдоого аларлык. Ошол эле мезгилде айрым реалдуулуктан алыс долбоорлор жөнүндө унчукпай коюуга да болбойт. Аз күндөн кийин Асман шаарынын пайдубалына капсула салынат экен. Бул шаарды куруу реалдуубу? Жеке мен үчүн Асман шаары утопия сыяктуу сезилет. Эмне үчүн?
- Ысык-Көлдүн жээгине 500 миң адам жашачу шаарды куруу зарылчылыгы кайдан келип чыкты? Элдин шаарда жашашы үчүн ал жерде туруктуу жумушчу орундары болушу зарыл. Асман менен кошо жумуш орундары да түзүлөбү? Ысык-Көл облусунун эли 600 миңге жетпейт. Анда Асман шаарына кимдер барып жашашат?
- Долбоорду курууга кетчү 20 млрд. доллар каяктан табылат? Каражаттын бир бөлүгү табылып, калганы табылбай калса, шаардын курулушу «долгостройго» айланбайбы? Каражаттын тартыштыгынан долбоор токтоп, же бүткөн учурда да эч ким жашабаса, Асмандын тагдыры АКШнын Детройт шаарындай болбойбу? Анда Асманды курууга кеткен каражаттар асманга эле чачылган болуп калбайбы?
- Бакунун, Ташкенттин чет жактарына заманбап архитектуралык үлгүдөгү жаңы шаарлар курулган. Ашхабадда да 5 млрд. долларга курулганы жатат. Асмандын ордуна Бишкектин бир бөлүгүнө асман тиреген көп кабаттуулардан турган Бишкек сити курулса болбойт беле? Ошондой эле 20 млрд. доллар табуу мүмкүнчүлүгү болсо, Бишкек, Ош баштаган өлкөдөгү орто, чакан шаарларга, район борборлоруна көп кабаттуу турак-жайларды курууга неге болбосун. Бул өлкөдөгү демографиялык абалды жөнгө салууга түрткү бермек.
- Ысык-Көлдүн жээгине курулган шаар эртең туристтик аймактын экосистемасына, көлдүн табиятына, тазалыгына терс таасирин тийгизбейби?
Асман шаары боюнча ушуга окшогон суроолор көп. Бирок жооптор жок. Азырынча Асманды куруунун эч кандай зарылчылыгын көрбөй турам. Андан көрө ошол каражат энергетика системасын кризистик абалдан чыгарууга, тактап айтканда, ири, орто, чакан ГЭСТерди курууга жумшалса, максатка ылайыктуу болмок.
Кыш дайыма эле жеңил боло бербейт, кокус эртең кыш катуу болсо, тармактын бүгүнкүдөй «өлбө жаным, өлбө» абалы менен көргүлүгүбүздү көрүп, айлабызды таппай калышыбыз мүмкүн. Ошол үчүн энергетика системасын кризистик абалдан чыгаруу өтө маанилүү маселе.
Же болбосо, Асманды курууга кетчү каражатка Бишкекке метро курулса да максатка ылайыктуу болор эле. Автоунаалардын саны күн санап көбөйүп, борбор калаага авто унаа батпай баратат. Бул жүрүш менен эртең транспорттук коллапс жаралышы толук мүмкүн. Ошондуктан коомдук транспорт катары метрону ишке киргизип, Бишкектин ичиндеги авто унаалардын санын азайтуу зарылчылыгы да чоң", - деди Дүйшөнбаев.
Булак: NazarNews.kg