www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-кыргыз фонду былтыр жалпы суммасы 142 миллион долларга 44 долбоорду жактырган. Бул тууралуу саясатчы Кубанычбек Исабеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясы стратегиялык өнөктөш катары каржылык гана жардам көрсөтпөйт. Экс-депутат менен болгон маекти толугу менен назарыңыздарга сунуштайбыз.

— Кутмандуу күнүңүз менен Кубанычбек Сатиндиевич, акыркы маегиңизде Россия Федерациясынын Кыргызстанга көрсөткөн жардамдары тууралуу айтып өттүңүз. Бүгүн мен бул темага кененирээк токтолгум келип жатат. Сураныч, сандарды тактап бере аласызбы?

— Саламатсызбы, мен бир эле мисал келтирейин. Бул сандар ачык булактардан алынды: 2015-жылы Россия Федерациясынын 500 миллион доллар өлчөмүндөгү салымы менен түзүлгөн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2022-жылы эле каржылоого 142 миллион долларлык 44 долбоорду жактырды.

2023-жылдын февралында Нарын облусунда “Куланак” ГЭСин (44 млн доллар) жана Чүй облусунда цемент заводун (45 млн доллар) куруу долбоорлору кошумча бекитилген. Жалпысынан Фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде 3,9 миңден ашык долбоор жалпы суммасы 480 млн долларга каржыланган.

Россия мунай жана мунай продуктуларын (460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 150 миң тонна авиакеросин, 60 миң тонна битум жана 50 миң тонна чийки мунай, өлкөнүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон жалпы керектөөсү 1,5 млн. Тонна), өлкөнүн жалпы суроо-талаптары менен алымсыз жеткирип жатат. Бул Кыргызстандын калкына күйүүчү майды арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет (жылына 25 млн. долларга жакын үнөмдөө).

— Мындан сырткары, Россия Федерациясы техникалык жардамдарды да көрсөтүп жатат. Тактап айтканда, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги март айында Россия Федерациясынан өрт өчүрүүчү унааларды алган. Дагы кандай жеткирүүлөр жүргүзүлөт?

— Туура, 2023-жылдын март айында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 өрт өчүрүүчү унаа (8 миллион доллар) берилген. Жылдын аягына чейин куткаруучу тик учакты (20 миллион доллар) алып келүү пландалууда. Орусиянын техникалык жардам көрсөтүү программасынын алкагында 2022-жылы Кыргызстан 4 жаңы мобилдүү медициналык-профилактикалык комплекстерди, 150 миң адамга гепатит “В” вакцинасын, 225 миң ВИЧке экспресс-тесттерди (жалпысынан 109,5 миллион рубль) алды. Орусиянын жардамы менен 2022-жылдын октябрында Балыкчыда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин курал-жарак жана аскердик техникаларды оңдоочу борбордук базасы ачылган.

— Кыргызстан Россия Федерациясынан жүз миллион доллар жардам алып жатканын айттыңыз. Россия тараптан кандай гуманитардык колдоо көрсөтүлүп жатканына дагы бир нече мисал келтире аласызбы?

— БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына Россиянын кошкон салымынын эсебинен республиканын 800дөн ашык мектептеринде ысык тамак уюштурулуп, Кыргызстандын аймактарындагы аярлуу үй-бүлөлөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү ирригацияны жана айыл инфраструктурасын калыбына келтирүу боюнча иштерге катышкандыгы үчүн 5,5 миң тонна байытылган ун жана май жеткирилди. Россия Федерациясынын БУУнун башка структураларына кошкон салымынын алкагында Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн IT хаб түзүлүп, бир катар башка маанилүү долбоорлор ишке ашырылган. Жалпысынан БУУнун алдындагы фонддор жалпы 35 миллион долларлык жардам көрсөттү.

Орус тараптын эсебинен 2022-жылдын ноябрында кыргыз-өзбек чек арасында “Достук” автокөзөмөл бекети ачылган. Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында кыргызстандык абитуриенттер үчүн квота 500дөн 700гө чейин көбөйдү. 2023-жылдын март айынын аягында Кыргызстанда орус тилинде окутуу биргелешкен жалпы билим берүү мекемелерин куруу боюнча келишимге кол коюлду.

2023-жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 3 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттык каражатка сатылып алынган 30 тез жардам унаасын Кыргызстанга бекер берүү күтүлүүдө.    

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости