www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Анда чачын кырккан жосунсуз көрүнүштөр социалдык тармакта катуу талкуу жаратып, ага бир канча терс пикирлер айтылууда.

Келин кул эмес, чай куйбайм, бизге эркиндик керек деп отуруруп салтты, улутту, ынтымакты ушул Батыш талкалап жок кыла турган болду, кыргыздын эки жүздүү, зөөкүр кыздарынын колу менен, муну жанагы Түгөлбайга окшогон псевдо патриоттор көрбөйт, көргөндөн да коркушат. Мындай пикирин Мирлан Ташиев билдирди.

«Кыргыз аялдарында эркиндик Кудайга шүгүр эле башка өлкөлөргө салыштырмалуу, ал өлкөлөрдүн атын атабай эле коёлу, ал жакта мындай жорукту Батыш кыла албайт, себеби коңшу турган өлкөлөр Кыргызстандай эшек жайлоо эмес!

Келин кул эмес, чай куйбайм, бизге эркиндик керек деп отуруруп салтты, улутту, ынтымакты ушул Батыш талкалап жок кыла турган болду, кыргыздын эки жүздүү, зөөкүр кыздарынын колу менен, муну жанагы Түгөлбайга окшогон псевдо патриоттор көрбөйт, көргөндөн да коркушат. Анан биздеги зомбулук боюнча. Статистика боюнча КРдеги зомбулук менен силер кулу болуп жүргөн АКШны карагылачы, кайсы өлкөдө зомбулук көп болуп жатат бүгүнкү күндөрдө!

Кымбаттуу аялдар: силер улутту, урпакты улай турган жансыңар, АКШ силерге эч качан күйбөйт, эгер күйөө ушундай эле зомбулук кылып жатса, кыргызда Батыштан жакшыраак болуша турган тууган-урук деген, укук коргоо органдары деген бар, акыркы чечим сот деген бар, чоң-чоң маселелер тар чөйрөдө эле чечилиши керек, аны жар салбай эле, бөтөн элдин аялдарынын баары Хюрем болуп кетип силер эле базарда отурган жоксуңар го, алар деле силердей эле тиричилик кылып жүрүшөт, болгону кыргызда лох эркектер көбөйүп кетти, ааламдагы жок болуп кеткен өлкөлөрдүн тарыхын карасаңар, же бир мамлекетти тынчтык жолу менен басып алыш үчүн душмандар эң биринчи алардын динин курутат, анан аялдарынын укугу, эркиндиги деп бүгүн биздигидей кылыктар болот, анан ал мамлекет,ал улут өзүнөн-өзү акырындык менен жок болот, азыр илгеркидей танка менен согуша турган заман эмес, «так что» эркек-аял дебей мамлекетти, динибизди, салтыбызды биргеликте бекем туруп сактап калалы урматтуулар!», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости