www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта социалдык тармакка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына президент Садыр Жапаровго жашыруун Кайрылуу тараган. УКМК бул маалыматты тактала электигин билдирген.    

Кайрылууда, Ташиевдин мамлекеттин кызыкчылыгына, мыйзамга каршы келген жана мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү бере баштады. Эң жаман жана кордогон нерсе, жакында биздин түзүм жана башка күч структураларынын кызматкерлерин «актерлор» жана «сценаристтер» деп атай башташты. Эгер ишенбесеңиз, анда Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан алып, анонимдүү сурамжылоо менен жеке текшерүүнү жүргүзсөңүз болот. Комитеттин кызматкерлеринин 90% Ташиевге нааразы экендигин жана ага каршы көрсөтмө берүүгө даяр экендигин өзүңүз көрөсүз! - деп жазылган.

Ага жооп катары Ташиевдин оң колу Шүкүрбек Эркебаев: “Мен төмөнкү катты кораблдан кислороду буулуп качышкан уюшкан келемиштер жазган деп түшүндүм. УКМКнын ичиндеги тоголок кат жазган ириңдер, ууру - коррупционерлер, дем алчу жериңер жабылдыбы? Уурдаганга жолуңар торолдубу? Каалагандай чардап, жакпай калса сатып, ар кимге крыша болуп, арам акча таап көнүп калган экенсиңер, эми мурункудай мүмкүнчүлүк болбойт, андай арам жол менен жан багууга Камчыбек Кыдыршаевич жол бербейт. Эски заманыңарды эстен чыгаргыла. Өз жетекчисин саткан силердей саткынчылардын айынан өлкөбүз сазга батты. Андан көрө сасыбай, түз жүрүп, өлкө үчүн иштегиле”, - деп жооп жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости