www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызкөмүр” ишканасынын башчысы менен маек.

-- Мирлан мырза, кышка карай көмүрлөр сатыла баштаганын угуп калдык. Баасы канчадан жана каерден алышса болот?

-- Ооба, быйылкы жылга көмүр сатыла баштады. Өзүңүздөр билгендей, бизде Кара-Кечеден көмүр казылат да, Кыргызстандын аймактарына таркайт. Август айынан эле баштаганбыз.

Тоннасы жеринде 1450 сом, муну ортомчулар тийешелүү жерлерге ташып жеткирип, солярканын баасы көтөрүлгөнгө байланыштуу бир кыйла жогору болушу мүмкүн.

Ортомчулардын айтымында, бир тоннасы 4200 сомдон 5000 сомго чейин сатылып атканын билдиришти. Баардык көмүр кампалардан сатып алса болот, көмүр жок эмес, бар. Дегинкисинде, бааны антимонополия ишканасы көзөмөлдөйт.

-- Казакстандан кошумча көмүр келеби?

-- Ал жакта көмүргө болгон талап жогору болгондуктан, Кыргызстанга келүү жагы каралган эмес. Анүстүнө баасы да асмандап кеткен.

-- Элдердин аялуу катмарына мурунку жылдары бекер көмүр таратылган эле. Бу жылы кантти?

-- Бизде пенсионерлерге жана аялуу катмарга андай жеңилдиктер каралган эмес. Учурдан пайдаланып айтып кетиш керек, көмүргө муктаж адамдар канчалык кышка ыкчам камылга көрүп, эртелеп сатып алышса, ошончолук өздөрүнө каражат жагынан үнөм болот эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости