www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу менен коңшу суу талашып кеткен учурлар көп эле кездешет. Албетте, алар айыл ичиндеги гана ЧПга айланып тим болот. Бирок, кошунаң башка мамлекетте болсо, бул өзгөчө мамлекет аралык чыр болуп кетери бышык. Сох Кыргызстандын ичиндеги аймак. Бул аймакта тажиктер жашаганы менен ал союз кезинен эле Өзбекстанга карап калган. Кызыл-Кыя шаарынын жака белинде Үч-Коргон деген айыл өкмөт бар, бул жерде да тажиктер көп, бирок бизге карайт. Жерге-Талда кыргыздар көп Тажикстанга карайт. Анжиян облусунда анклавда Барак деген кыргыз айыл бар. Биздин Кара-Суу районубузга жакыныраак. Мындайлар илгертен болуп келген.

Сохтогу тажиктер кыргыздарга сатылган булакты кайтарып бергиле деп жатышат. Бирок Чечме булагы илгертен эле кыргыз жери болгон. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге залакасын тийгизбеши керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев Фергана облусуна жасаган иш сапарында айтты. Мирзияев вице-премьерине Сохтогу маселе чечилмейин ошол жакта түнөп, келбесин буюрду. Өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, Мирзияев өзбек элин Кыргызстан менен достук мамилени сактоого чакырган.

"Акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен көйгөй жараткан чек ара маселелерин чечип келе жатабыз. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге, жалпы планга залакасын тийгизбеши керек. Биз токтоо, чыдамкай жана боорукер болгонубуз жакшы. Кошуна — миң жылдык. Эки эл жакын жашап, бири-бирин сыйлап турушу зарыл", — деди президент.

Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 25 киши жаракат алып, бир үй өрттөлсө, өзбек тараптан 187 киши жаракат алып, 3 үй өрттөнгөн. Өзбек тарап өзүнүн үйлөрүн өзүлөрү өрттөгөнүн жергиликтүү тургундар айтышууда. Алардын айтымында, алар мамлекеттен жардам алуу максатында ушундай кадамдарга барышкан. Бул чыр –чатактарлды чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьери Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер –министри Абдулла Арипов сүйлөшүп бул маселерди чечүү жолун табышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости