www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 жылдан бери оорунун азабын тартып, майыптар арабасына жипсиз байланган мекендешибиз Исабаева Венера жардамга муктаж. Буга байланыштуу ал кайрымдуу инсандардан жардам күтөт. Исбаеванын абалы, оорудан канча жылдан бери азап чеккени тууралуу төмөндөгү материалдардан биле аласыз:

"Мен Исабаева Венера Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында 1986-жылы туулуп, өскөм. 11 жашымдан бери бутум ооруп кыйналып келе жатам. 3 жылдан бери такыр баспай, майыптар арабасына отуруп калдым. Врачтардын айтуусу боюнча, калыбына келтирүүчү борбордо дарыланышым керек.

Азыркы учурда калыбына келтирүүчү борбордо эки айдан бери дарыланып жатам. Аллага шүгүр жылыштар болуп жатат. Бирок эки ай аздык кылат, кеминде 6 айдан бир жылга чейин дарыланышым керек экен. Ошого байланыштуу акча каражатынан кыйналып жатам. Калыбына келтирүүчү борбордо дарылануунун бир айлык курсу жатаканасы менен кошкондо жалпы 48 000 сомду түзөт. Калыбына келтирүү борборунда дарылануумду улантуу үчүн сиздерден жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Алдын ала терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет", - деди оору айласын кетирген Венера.

Жардам берүүнү каалоочулар болсо төмөнкү номерлер жана даректер аркылуу байланыша аласыздар: 

0771 86 14 86; Элсом 0778 007 642.

Бишкек шаары Жумушчулар шаарчасы (Рабочий Городок) кичи району Островский көчөсү 70. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости