www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен чек арадан өтүү боюнча эл аралык келишимге өзгөртүүлөрдү бекитти. Ага ылайык, эми жалпы жарандык паспорттун ордуна ID-картаны колдонсо болот. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Жаңы ченем Өзбекстан президентинин Кыргызстанга январдагы мамлекеттик сапарынын алкагында макулдашылган. Ага кечээ кол коюлду. 

Документтеги эң маанилүү эки пункт:

буга чейин чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болсо, эми ID-карта жетиштүү;

буга чейин 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген атайын кошумча кагаз алышы керек болчу. Эми бул норма алып салынды, балдарга жалпы жарандык паспорт колдонулат.

Бул чаралар протокол эки өлкө тарабынан жактырылгандан кийин күчүнө кирет. Кыргыз тарап тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыкан. Аны бир нече күндөн кийин Жогорку Кеңеш карап чыгышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости