www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мектептерде окуу китептери менен иш дептерлердин баасы кескин жогорулаганына байланыштуу нааразылыктар айтылып жаткан маалда "акысыз ижара уюштуруу боюнча чараларды көрүү" тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

"Окуу китептери балдардын билим алуусунда негизги роль ойной турганын эске алып, ошондой эле окуучуларды, алардын ата-энелерин колдоо жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында президент Министрлер кабинети менен Элдик билим берүү министрлигине окуу китептери менен иш дептерлердин акысыз ижарасын уюштуруу тапшырмасын берди", – деп жазды басма сөз катчы.

Буга чейин быйылкы окуу жылында бир китептин (иш дептердин) ижара акысы 5 707 сум деп белгиленгени кабарланган. Бул былтыркы окуу жылындагы ижара акыга салыштырмалуу 2 967 сумга же 2,1 эсеге көп.

Элдик билим берүү министрлиги китеп баасынын кескин жогорулашын дүйнөлүк базарда кагаздын жана аны алып келүүдөгү транспорттук чыгымдардын кымбаттаганы менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости