www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын ЕАЭБдин айрым мамлекеттерине жасаган басымы күчөп жатат, бул биримдиктин бардык мүчөлөрүнө таасир этүүдө. Мындай кадамдарга бир муштум болуп биригүү менен гана эффективдүү жооп кайтара алабыз. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.

Ал бүгүн Минскиде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген чөйрөдөгү жыйынында сүйлөгөн.

"Биздин экономика бири-бирине байланышкан. Андыктан касын тиккен өлкөлөрдүн аракетине бир муштум болуп биригүү менен гана жооп беришибиз керек. Учурда биздин негизги милдет — санкциялардын жарандарга тийгизген таасирин азайтуу, макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө", — деди Мишустин.

Ошондой эле ал Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыты боюнча эл аралык транспорттук коридордун бир бөлүгү болгон инфраструктураны өнүктүрүүнү тездетүү маанилүү экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости