www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин Украинадагы кырдаал боюнча аракеттери жаңы дүйнөлүк согуштун башталышына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Американын мурдагы лидери Дональд Трамп билдиргенин Newsmax жазды.

Саясатчынын айтымында, учурда АКШ чоң кыйынчылыкта турат.

«Биздин өлкө эч качан мындай абалда болгон эмес. Ал эми Украина менен Орусияда болуп жаткан окуялардан улам биз олуттуу коркунучта турабыз», - деди ал.

Ошондой эле, Трамп Байдендин Украина кризиси боюнча аракеттерин акылсыздык деп атады. Ал АКШ рецессияда экенин эске салды. Саясатчынын айтымында, өлкө мынчалык төмөн деңгээлде болгон эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп АКШнын азыркы администрациясынын Украинанын айланасындагы аракеттеринен улам дүйнөлүк согуш башталышы мүмкүн экенин буга чейин билдирген. Ошол эле маалда эгер ал мамлекет башчысы бойдон калганда, Украинанын айланасында азыркы кырдаал түзүлмөк эмес деп белгиледи.

Учурда АКШ Украинадагы согушта эң көп аскердик жардам берген өлкөлөрдүн катарында.

Эске салсак, Джо Байден АКШ Украинага өнүккөн курал системаларын, анын ичинде Stinger мобилдик зениттик-ракеталык комплекстерин жана танкка каршы Javelin системаларын, артиллерияны жана Ми-17 тик учактарын берүүнү уланта турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости