www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 5-6-октябрдагы массалык тополоң менен коштолгон митинг учурунда ооруканаларга кайрылгандардын саны 686га жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардын 521и алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жараат алган 164 киши ооруканада жатат, анын ичинен жети адамдын абалы оор. Учурда реанимацияда. Буга чейин министрлик оор абалдагылардын саны 13 киши экенин билдирген.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин митинги массалык башаламандыкка чейин жетип, милиция менен митингчилер кагылышкан. Анда катуу жараат алган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости