www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдокелер, ойлонсоңор болот эле

Дин жакшы, бирок, динге дагы терс таасирин тийгизген жарандар бар экенин жашырып болбойт. Кээ бир алдыны көрө албаган молдокелердин айткан сөзүнө кирип, жашоодон аксагандар да болуп жатканы дин адамдарынын кадырына доо кетирип жатат.

Жакында жергибиздин түшүк аймагында кызылча жана кызамык илдети жайылып, молдокелер балдарын эмдеткенден баш тартып, качан бала илдетке кабылып кыйнала баштаганда айла издеп, медиктерге кеч кайырылып калган корунүштөр көп кездешүүдө деп, медицина кызматкерлери кан какшап айтып жатышат.

Ыя, айланайын, учурда ичкен жегендин, экологиянын, абанын таза болбой жатканын эске алып, наристелерди учурунда эмдеткендин эмнеси күнөө. “Барын эле күнөө” деп, баш тарта берип, акыры бары бир медиктерге кайрылып жатасыар го?

Кереги жок кезде баары күнөө, качан керек болгондо кунөө болбой калган бул кандай жоругуңар. Улуу Жараткан деле калыс болгонду жактырат го. Анан жакшы ниет менен жардамга кол сунган медиктердин кылган аракетин, жасаган иштерин эмнеге баалабаш керек?

Билинбегени менен кызылча жана кызамык илдети жугуштуу анан опурталдуу оору. Аны алдына алгандын эмнеси күнөө, ушул жагын ойлонгулачы, айланайын молдокелер, медиктерди убара кылбай.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости