www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрмө, түрмө тозоктун филиалы,
Тагдыр эмес, толтурган бийлик аны…”
(Белгисиз акындан)
— Айгүл айым, Садыр Нургожоевичтин камалганына 2 жыл болуп баратат. “Декабристтин” аялы болуу оңой бекен?
— Туура, камалганына 2 жыл болуп баратат. Ана чыгат, мына чыгат деп: чоң үмүт, ишеним менен күтүп келебиз. Садырдын иши ак жана мекенине болгон эмгеги зор экендигин коомчулук билет. “Декабристтин” аялы болуу азаптуу да, ошол эле учурда сыймыктуу да нерсе экен. Ага карабастан, жолдошуңдун кылган ак эмгегине ишенсең, эл туура түшүнүп жана колдоо көрсөтүп турса, тарткан санааң жеңилдей түшөт экен.
— Акыркы 2 жылдагы куугунтук жагдайы жолдошуңуздун психикасына таасир этти деп ойлойсузбу?
— Жо-ок. Андай деп эч ойлобойм. Себеби, Садырдын мүнөзү, бизге болгон мамилеси, балдарына берген мээрими абдан жакшы. Айланасындагыларга дайыма позитив тартуулайт. Көп окуйт, көп жазат. Биз анын чарчадым, кыйналдым деген сөзүн уккан эмеспиз. Жабыркаган адам такыр башкача болот да.
— Элде Садыр Жапаровду бошотот деп, президенттен үмүт пайда болду эле. Акыркы айларда анын адвокаттары көп аракеттерди жасашты. Эмне себептен натыйжа чыккан жок деп ойлойсуз?
— Туура. Президенттен үмүтүбүз өтө чоң эле. Себеби, президент өзү элде чоң үмүт жандандырып, сот системасын оңдойм, адилеттүүлүктү камсыз кылам деп, сөз берген жери бар. Ошондон улам элде «ии мына эми туура, ыймандуу президент келди» деп, иш жүзүндө калыстык күтүп отурбайбы. Эгерде бизде Кыргызстанда мыйзам иштесе, элдин үмүтү, биздин адвокаттардын иши эчак үзүрүн бермек. Демек, адвокаттар кандай гана аракет кылышпасын, бийликтин ниет-максаты баарына белгилүү болуп калбадыбы. Иштин жыйынтыгын бир эле адам чечээрин эл түшүнүп калды: Президенттин мен сот ишине кирише албайм деп айткан сөзү, бул азыр бошото албайм дегендик деп түшүндүк.
Булак: "Жаңы Ордо"