www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов дипломатиялык миссиясынын биринчи жумушчу күнүн Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Айтматовду эскерип, Москва шаарынын Даниловкий районунун Павловская көчөсү менен Подольское шоссесинин кесилишинде Ч.Айтматов атындагы сейил бакта жайгашкан эстелигине гүл коюу менен баштады.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
А.Джекшенкуловдун Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысы — Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Карасинге Ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.
2019-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысы — Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Карасинге Ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.
Г. Карасин жылуу кабыл алуу менен, А.Джекшенкуловду Россия Федерациясында дипломатиялык миссиясынын баштоосу менен куттуктады жана жооптуу ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды, эки өлкөнүн жана элдин салтка айланган өз ара ишеним, сыйдын негизиндеги стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча аракеттер билдирилди.
Булак: NazarNews.kg