www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдова өкмөтү сотко кайрылып, республикага газ берүүнү кыскартканы үчүн Газпромдон компенсация өндүрүп алуу жолдорун карап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр, инфраструктура министри Андрей Спину PRO телеканалынын эфиринде билдирди.
«Бүткүл көлөмдү жеткирүүдө келишимди аткарбагандыгы үчүн жаза чараларын көрүү мүмкүнчүлүгүн юристтер талдап жатышат. Анык болгондон кийин кандай иш-аракеттерди көрүп, кайсы багытка өтүүнү чечебиз», - деди вице-премьер-министр.
Ал Украина аркылуу газды өткөрүүдөгү көйгөйлөрдү белгиледи. «Газпром» 2022-жылдын ноябрында Молдовага «көгүлтүр отун» берүүнү көбөйтө албай, октябрь айынын деңгээлинде калтырган.
Учурда Молдова Приднестровье аймагына газдын кескин жетишсиздигин баштан кечирүүдө, алар ал жерде жайгашкан, газ менен иштеген Молдовская ГРЭСинен электр энергиясын сатып алуудан баш тартышкан.
Ошол эле маалда ноябрдын башында Молдованын президенти Майя Санду учурда республика олуттуу энергетикалык кризисти баштан кечирип жатканын жана кышында газ жана электр жарыгысыз калуу коркунучу бар экенин билдирген. Анын айтымында, Румынияда газды сатып алуу эки эсе кымбатка турат жана Газпром келишимдин шарттарына каршы газ берүүнү кыскартууну улантууда.
Булак: NazarNews.kg