www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдова КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан чыгуу процессин баштады. Бул тууралуу 15-майда Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу брифинг учурунда билдирди.
Парламент төрагасы Кишинев уюмга мүчөлүгүн кандай кабыл алып жатканын ачыктады.
“Молдавиянын бийлиги республиканын “Европалык келечегин камсыз кылуу” үчүн КМШдан чыгарылууга чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алды”, - деди Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу.
Анын айтымында, Киевдин уюмдан иш жүзүндө чыгуусу Молдованы КМШнын башка мүчөлөрүнөн географиялык жактан алыстткан.
"Парламенттин төрагасы катары эл менен, партиянын өкүлдөрү, президент жана өкмөт менен болгон көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин КМШ ПААдан чыгууну чечкенибизди билдирем. Бул биринчи кадам, Өкмөт менен парламенттин деңгээлиндеги башка кадамдарды да жасайбыз”, - деп баса белгиледи ал.
Гросу КМШнын түзүмдөрүн өлкө үчүн “пайдасыз” деп атады.
Эске сала кетсек, Молдова буга чейин КМШнын “Мир” телерадиокомпаниясын түзүү боюнча келишимден чыккан. Молдова өкмөтү да Шериктештиктин алкагындагы бир катар келишимдерди денонсациялоо процессин баштады.
Булак: NazarNews.kg