www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Польшанын Россиядагы иштер боюнча убактылуу өкүлү Яцек Шлядевскийге Варшавадагы Россиянын элчилигинин алдындагы мектепти басып алуу боюнча чечкиндүү нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу РФ ТИМине таянып РИА Новости жазды.

Ал бүгүн, 2-майда, Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Ошондой эле дипломатка Варшаванын саясаты “адептүүлүк, моралдык жана укуктук нормалардан ажыратылганын” билдирген. ТИМ мындай жасалган кадамды “Россияны кыжырдантуу аракети” жана "мамлекеттер ортосундагы мамилени бузуу" катары баалаган.

“Варшава өз өлкөсүнүн аймагын киевдик режимге курал чогултуу боюнча плацдарм катары сунуштап келет, польшалык жалданма жоочуларды Украинага жөнөтүп жатат. Россияга карата агрессивдүү кастык позициясын ачык билдирип келет”, — деп белгилеген россиялык дипломаттар.

Аны менен катар ТИМ Польша бийлигинин аракети жоопсуз калбай турганын убадалады.

Белгилей кетсек, өткөн жумада жергиликтүү бийлик полициянын коштоосунда россиялык элчиликтин алдындагы мектепке эшигин талкалап басып кирген. Билим берүү мекемесинин кызматкерлеринен имараттан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Кийинчерээк РФ ТИМи мектеп башка жерде ишин уланта турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости