www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык таксист Жеңишбек Кабылов шылуундардын тобун алдап, пенсионер аялга 500 миң рублин кайтарып берди. Бул тууралуу мекендешибиз башынан кечирген окуясын айтып берип, "Рен ТВ" телеканалына маек курган.

Анда кыргызстандык жөнөкөй жигит шылуундардын өзүн алдап кеткен.

Окуя тууралуу кыскача:

Бул кадимки эле буйрутма болгон, таксист пенсионер аялдын сумкасын алып айтылган дарекке жеткирип бермек.

Окуя болгон күнү Жеңишбек аттуу таксист пенсионерден баштыкты алып, айтылган дарекке жеткирип бериши керек болгон. Жолдо бара жатканда баштыкты алуучулар бат-баттан чалып, күмөн жараткан. Анда таксист алдамчылар болушу мүмкүн экенин түшүнүп, баштыктын ичин текшерген.

Акчаны көргөн Жеңишбек шылуунга бош баштыкты берип, пенсионерге кайтып келген. Таксист полицияга чалып, үйүнүн кире беришинде укук коргоо кызматкерлерин күтө баштаган. Милиция акчаны ээсине өткөрүп берип, полиция телефон шылуундарды издей  баштаган.

Андан ары таксист  пенсионер аялдын үйүн көздөй жол алган. Бекер шектенбептир, аял чындап эле шылуундардын кайырмагына илинип калган экен. Телефонуна чалган "тергөөчүлөр" аварияга кабылган сиңдисин сактап калабыз деп акча талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости