www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери Кыргызстандын 3 жаранын бала сатууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 22 жаштагы Кыргызстандын жараны полицияга кайрылып, жаш бала уурдалганы тууралуу билдирген. Анын айтымында, 2018-жылын октябрь айынын аягында интернет аркылуу кыргызстандык жубайлар менен таанышкан. Ал 2019-жылы август айында толгоосу башталганда ошол жубайларга байланышкан. Алар медициналык тез жардам кызматын чакырба деп сунуштап, төрөт үйүнө өздөрү жеткире турганын айтышкан. Төрөттөн кийин ал келиндин абалы оорлоп, операция зарыл болгондуктан 2 жума ооруканага жаткырылган.

Жаңы төрөлгөн эркек баласын  ошол жердештерине берип, ооруканадан чыккандан кийин ала турган болгон. Бирок, кийин ал ердештери ымыркай алардын ысымына катталганын, жаш келин өзү баланы багууга алы жетпей турганын айтып коюшкан. Ошондон бери кыргызстандык жубайлар баласы менен кошо жашырынып жүргөнүн айткан.

Бирок тергөө иштеринин жүрүшүндө окуянын чоо-жайы такталып, жаш келин баласын өзү багууну каалабай, интернеттен таанышкан кыргызстандык жубайлар баланы өздөрүнө алуу үчүн келинге 150 миң рубль беришкен.

Жыйынтыгында бул окуя боюнча жаш баланы алып-сатуу фактысы менен кылмыш иши козголду. Баланы төрөгөн келин, кыргызстандык жубайлар — үчөө тең камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости