www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна мажбурлап алып келишти. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди. 

Жактоочусунун айтымында, Атамбаев сот отурумуна күч менен алып келинген. Бирок Атамбаев сот  отурумуна катышуудан баш тартып конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай койгон. 

Райондук сотто «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иш жабык эшик артында каралып жатат.

Батукаевдин иши боюнча жалпы 19 адам айыпталып, алардын арасында Алмазбек Атамбаев, мурунку башкы прокурорлор Аида Салянова  менен Индира Жолдубаева да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости