www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуя 13-октябрь түнкү саат 00:00 чамасында болгон. 1999-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Абдурасулов Жума топ балдар менен мушташа кеткен. Балдар аны бычактап салышып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 14-октябрь күнү таңкы саат 07:30да алган жаратынан улам ооруканада каза болгон.

Маркумдун сөөгүн үйүнө жөнөтүүгө документтер даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Окуя боюнча Москванын Кузьмин район аралык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, адам өлүмүнө шектүү кыргызстандыкты камакка алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости