www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-май Жеңиш күнүнө карата Москва шаарынын борборунда өтө турган “Бессмертный полк” жөө жүрүш акциясына "Кыргыз Биримдиги" коомдук уюмунун атынан Москвадагы кыргызстандыктар өтүшөт. Бул тууралуу маалыматты Москвадагы кабарчыбыз Илимбек Исраилов билдирди.

“Буюруса 9-май Жеңиш күнүндө жөө жүрүшкө жалаң Москвадагы кыргызстандыктар  катышабыз. Жергиликтүү бийлик баардык эркектерди калпак кийип келүүсүн өтүнгөн. Ошондуктан баардык Москвадагы кыргызстандыктарды жөө жүрүшкө чакырабыз.

Кыргыз элинин Ата Мекендик согушта салымы бар экендиги   жана ошондой  Орус эли менен биз кылымдарга дос экенибизди айтпай кетпесек болбойт. Россияда бир миллионго жакын кыргыздар иштеп  акча таап үйгө жөнөтүп, үй-бүлөөбүздү багып, мамлекетибизге экономикага салым кошуп келе жатабыз. Андыктан баарыңыздарды башыңыздарда ак калпак менен 9-майда өтө турган жөө жүрүшкө чакырабыз”,  - деген пикирин билдирди уюштуруучулар.

Эске сала кетсек, аталган иш-чараны Москвадагы Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар совети менен, Элчилик жана Коомдук кеңеш жана "Кыргыз Биримдиги" уюштурууда. Урматтуу Мекендештер бааарыңыздарды 2017-жыл  9-май күнү саат 14:45те  Белорусская метросунда күтөбүз.

Илимбек Исраилов, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости