www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү диний мекемелерге — мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр 8-июндан алынып салынат.

Муфтият санитардык эрежелерге ылайык беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылат:

Талаптар:

1.Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

2.Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек.

3.Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.

4.Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

5.Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.

6.Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

7.Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

Сунуштар:

1.Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

2.Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү.

3.Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү.

4.Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости