www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүнкү онлайн маалымат жыйында шаарда эмне себептен коронавирус инфекциясы күчөп жатканын түшүндүрүп берди.

"Бүгүн 11 жарандан коронавирус аныкталды. Алардын баары обсервацияда жаткандар. Ошол жактагылардан чыкты. Учурда обсервацияда жаткандарга толук анализ чыкмайынча ал жактан чыгарылбайт", - деди шаар мэри.

Ошондой эле республикалык штабдын уруксаты менен 8-июндан тартып мечиттер иштеп баштаганына токтолду.

"Ош шаары боюнча 72 мечит бар. Биз Ош шаардык казы менен сүйлөшүп, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, бет кап менен камсыз болуулары жана социалдык аралыкты сактоолору керектигин билдирдик. Мечитке кирип бара жаткан ар бир жаран бет капты милдеттүү түрдө кийүүгө тийиш. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, - деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости