www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган муфтияттын бухгалтери 10-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 12-февралда чыккан. Анда шектүү М.Б.нын бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын билдиришкен. 

Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Кечээ кечинде сот Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үй камагына чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости