www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муфтият ЖК депутаты Фархат Исмаиловдун парламент жыйынында ажылык боюнча маселе көтөрүп, анда учак, ажылыктын наркы жана ажылардын курмандыкка союлчу койлордун баалары боюнча билдирүүсүнө комментарий берди.
Маалыматка караганда, 2022-жылы ажылык сапарынын наркы 4500 АКШ долларын түзгөн. Ажылык сапарын уюштуруудагы бардык төлөмдөр САП тарабынан түзүлгөн электрондук система аркылуу которулат. Муну менен катар коңшу өлкөлөрдөгү баа Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат экендигин социалдык тармактар аркылуу билүүгө болот.
«Жыл сайын ажылык иштерин уюштуруу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) базасында Убактылуу республикалык штаб түзүлүп келет. Мисалы, быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча 30 мүчөдөн турган штаб түзүлгөн. Алардын курамына КР Президентинин Администрациясынан, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, КР Ички Иштер Министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинен, КР Чек ара кызматы, КР Транспорт министрлигинен, Мамлекеттик каттоо кызматынан, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, Аалымдар кеңешинен, Борбордук текшерүү комиссиясынан жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери киришкен. Дал ушул мекемелер аралык комиссия ажылыкка тиешелүү бардык иштерди уюштуруп, конкурстарды өткөрөт»,-деп жазылат маалыматта.
Муфтият ЖК депутаты тарабынан айтылган 70 АКШ долларына (5900 сом) шариятка ылайык келчү 1 койду ажылык мезгилинде таап союуга мүмкүн эместигин кошумчалаган.
«Ажылыкка тиешелүү такталбаган маалыматтарды айтуудан мурун Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан тактап алууну белгилейбиз жана айрым саясатчыларды ыйык ажылыкты саясатташтырбоону, ЖМКга жана коомчулукка такталган, туура маалыматтарды гана таратууга чакырабыз!»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары башка мамлекеттерде ажылыктын баасы боюнча маалымат берилген.
Коңшу өлкөлөрдө ажылыктын наркы:
Мисалы 2022-жылды ала турган болсок, Казакстан мамлекетинде 4245 АКШ долларынан баштап 6522 АКШ долларына чейин (VIP ажылык тейлөө каалагандар үчүн) түзсө, Өзбекстанда 5575 АКШ доллары. Тажикстанда 5 350 АКШ доллар болсо, депутат сөз кылып жаткан Россияда (500$ эмес!) 4800 АКШ долларынан баштап, 10 900 АКШ долларына чейин чейин (VIP ажылык тейлөө каалагандар үчүн) болгон.
Учак боюнча:
САПтын жарандык авиациясынын эрежесине ылайык, ажыларды эки өлкөнүн (САП жана Кыргызстан) авиакомпаниялары гана ташый алат. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар жылы Сауд Араб Падышалыгы жана Кыргызстандын авиакомпаниялары ортосунда ачык конкурс жарыялап келет. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы учактар кара тизмеде болгондуктан улам, алар конкурска катышпай келишет. Ошондуктан конкурстан САПтын Флайнас авиакомпаниясы жеңип, бүгүнкү күнгө чейин ажыларды ташып келген.
Курмандык боюнча:
Ал эми ажылардын курмандыкка союлчу койлордун баалары боюнча айткандары боюнча тактап кетсек. 2022-жылы Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы атайын мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда комиссия түзүп, алар жеринде мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында Сауд Араб Падышалыгы расмий тааныган жана САПтын бардык стандарттарына жооп берген фирма менен келишим түзүп, штаб кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, курмандыкка чалынган.
Булак: NazarNews.kg