www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Эрулан Кокулов аттуу депутат бар. Деңгээли, баскан-турганы, сүйлөгөнү ушул дагы эл өкүлүбү дегендей жакаңды карматат. 

Анын ой-жүгүртүүсү, аң-сезими, акыл парасатын "Апрель" каналын берген маегин көргөн адам, дароо түшүнөт. 

Мына аталган каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников: "Сен азыр "Не сахар" долбоорунун автору эмессиң, Жогорку Кеңештин депутатысың, сенден 19 миң шайлоочу иштин натыйжасын күтүп жатат" деп суроо берсе, Көкүлов: "Мен депутаттыкты айрым бир кесиптештеримдей укмуш деле көрбөйм. Ал менин кыялымдын чеги эмес. Мен шайлоочуларым менен сөзсүз иштешип кийинки шайлоого келишим керек деп байланбайм", - деген ыржаңдаган жообун уккан адам, көрбөгөндүн көргөнү курусун деп жерге түкүрбөй койбойт. Аны жазылган комментарийлер айгинелеп турат десек жарашат. 

Чындыгында, эл жүгүн аркалаган депутаттыктын ал үчүн мааниси жок болсо, айланганы депутаттыкка барабы? Өзү айткандай айрым кесиптештериндей депутаттык ишке олуттуу мамиле кылганды билбесе, мандатын тапшырып берип, өзү көнгөн ашканадан таракан издебейби? Ошондо элге пайдасы тиймек. 

Анан мылжыңдап отуруп алып "айлыгыбыз эки эсеге көбөйдү, бирок канча айлык алаарымды билбейм, маршрутка менен жүрөм дейт да, оозунан жаңылып джип машина алгам, бензиндин баасын карабайм, мага маанилүү эмес, 3-4 миңге куюп салам", - деп өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөп отурат. 

Мандаттын маанисин, элдин жүгүн түшүнбөгөн соң, өзүн кесиптештеринен өйдө сезип, мен башкалардай депутаттыкты укмуш көрбөйм дегенди айтып, көтөрүлгөндөн айланабы?.. 

Негизи, орустар айтмакчы "из грязи в князи" деген дал ушул Кокулов үчүн айтылгандай. Депутаттын ишмердүүлүгү колунан келбеген соң, өзү көнгөн ашканда акыр-чикир аңтарып, таракан издеген иш кылса жарашмак.

Ырасында, Кыргыз тилин бекемдейли, өнүктүрөлү деген мыйзамга каршы чыгып, парламентте этика дегенди билбей талтаңдап отурганы, коомдун кыжырын келтирбесе, жакшы маанай тартуулабайт. 

Анын үстүнө "Апрелге" берген маегинде шайлоочуларына карата урмат-сыйы жоктугун, алар үчүн башын оорутпасын ачык айтып, "мен шайлоочуларым менен сөзсүз иштешип кийинки шайлоого келишим керек деп байланбайм", - деп ыржайып кенебей сүйлөп жатат. 

Мына элге, шайлоочуларына карата мамилеси. Анан ушул кантип элдин жүгүн аркалап, маселе чечет. Мындай териси жука, текебер немеге өзүнө жараша мамиле кылып, мамлекеттик кызматка жолотпош керек. Булар Салижан Жигитов айткандай "кирген жерин чириткен микроб" болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости