www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда токтом долбоору көпчүлүктүн нааразылыгынан улам коомдук талкуудан алынган. Ага ылайык, токтом долбоорун жаңыдан түзүлүп жаткан мекемелер аралык жумушчу топ кайрадан иштеп чыгат. Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын тизмеси кайрадан түзүлөт.

"Билим берүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, мектеп, бала бакчаларда иштөө укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш экени кабарланды.

Министрлер кабинети Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин коомдук талкууга койгону белгилүү болгон.

Документке ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабай педагогикалык ишмердүүлүк менен алектене албайт. Жалпысынан тизмеде 19 кылмыштын түрү жазылган. Негизинен коомдук тартипке каршы кылмыш жасагандар, жыныстык ыдык көрсөткөндөр, адамдын жеке эркиндигине каршы иш жасагандар жана башкалар.

Өкмөттүн токтом долбоорунда оорунун 32 түрү жазылып, ошол дарт менен жабыркагандарга да мугалим болууга жол берилбей турганы белгиленген. Арасында нерв оорулары, тубаса кемтик, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, гепатиттин өнөкөт түрлөрү, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм жана башкалар бар.

Последние новости