www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир күн мурун Парижде Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз менен Франциянын Экономика жана каржы министрлигинин эки тараптуу кызматташуу департаментинин директору Фани Лабарттын жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Элчи Кыргызстандагы маанилүү ички саясий өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, кыргыз-француз эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкууланды.

Элчи Садык Шер-Нияз соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди келишимдерди түзүү аркылуу өнүктүрүү зарылдыгына, ошондой эле Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштуруу маселесине токтолду.

Франциянын дүйнөдөгү климатты жана экологияны жакшыртуу аракеттерин эске алып, Садык Шер-Нияз жашыл долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин кароону сунуштады.

Тараптар француз компанияларынын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусуна оң баа беришти.

Өз кезегинде Фани Лабарте Франциянын Кыргызстандагы гидроэнергетика жана туризм тармагындагы ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

 

Последние новости