www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Легендарлуу парламенттин спикери болгон Мукар Чолпонбаев эки күндөн кийин боло турган курултайга барбайт экен. Барбасын мындайча түшүндүрдү. “Конституциянын 52-беренеси боюнча эл чогулуп, курултай өткөрүүгө укуктуу, бирок анын чечими сунуш катары гана каралат. Ал эми бул курултайдын күн тартибинде Атамбаевдин 6 жылдык ишине, азыркы Президенттин бир жылдык ишине баа берилет экен. Албетте, коомчулуктун бийликке берген баасы бир нерсеге турат, бирок дагы эле баягыдай аткарылбай турган резолюция кабыл алынат да, жыйынтыгында дагы эч ким аткарбайт. Ошентип деги эле курултай институтунун кадыр-баркы дагы кетет. "Жаңы Доор" кыймылы декабрь айында боло турган курултайда Кыргыз Эл Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун карап чыгып, жалпы элдик талкууга алып чыгат. Биз ошол курултайга барабыз” деди.
Булак: NazarNews.kg