www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп абактан чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Абылгазиевдин ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан жеке менчик клиникалардын бирине которулган.
Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле. Андан сырткары, активдерин мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, курулушка инвестиция салган делген.
Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка калтыруу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, Абылгазиев өкмөттү 2018–2020-жылдары башкарган.
Булак: NazarNews.kg