www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун сырткы мамилелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Али Назари чет элдик маалымат карражаттарына алар тынчтык жолу менен сүйлөшүү жүргүзүү каалаганын айтты.

Бирок ал “эгерде сүйлөшүү натыйжа бербесе… анда биз эч кандай агрессияны кабыл албайбыз”, - деп кошумчалады.

Ал ортодо Талибан аталган топтун Панжшер жергесиндеги турган жерин курчоого алып, камаганын айтууда.

Каршылык тобунун өкүлдөрү дагы Талибан аймакта, борбор Кабулдун түндүк-чыгышында таасирге ээ болуп жатканын айтты.

Талибдер бийликтен кулаткан өкмөттө вице-президент болуп турган Амрулла Салих учурда Панжшерде отурукташкан. Ал өрөөнгө кире бериште Талибан күчтөрүн жайгаштырганын Твиттерде жазып чыкты.

Панжшер аймагы, тагыраак айтканда Панжшер өрөөнү, сырткы күчтөргө каршы ийгиликтүү туруштук берген жер катары белгилүү. Мисалы, аймак 1979-жылдан 1989-жылга чейинки совет-ооган согушунда советтик күчтөргө жана 1990-жылдары Талибанга каршы күрөшкөн.

Учурда бул аймак Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун көзөмөлүндө. Фронт Ахмад Массуд тарабынан негизделген. Ахмад Массуд ооган каршылык көрсөтүү кыймылынын баатыры Ахмад Шах Массуддун уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости