www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайын энемдин бир сөзү Россияга кетүүмө түрткү болду

Самолёт. Ичимде коркуу. Уча электе түшүп калсамбы. Менде дагы тогуз мүнөт бар. Бирок, багажымды берип салбадымбы. Жок, эмнелерди ойлоп жатам. Мен кайын энемдин сөзүн унутпашым керек.

Жигитим экөөбүз быйыл баш коштук. Окуубузду жаңы эле бүткөнбүз. Ал жумуш таап иштеп кетти. Мен магистратурага тапшырам деген кыялым бар эле. Чет өлкөдөгү университетке документтерди тапшырып дагы койгом. Бирок, той, конок тосуу болуп жүрүп эле аны дагы унутуп койдум.

Кайын энем оор басырыктуу аял экен. Көп сүйлөбөйт, бирок мактачу жерде мактап турат. Башыма жоолук салып жатканда көзүмө бир топко карап турган. Анан "кызым" деп акырын кулагыма шыбырап маңдайыман өпкөнүн унутпайм. Кайын энемдин көздөрү бакырайган, мээримге толгон, башкача көздөр.

Күйөөм дагы сонуну жигит. Табышкер. Эмне тапса үйгө көтөрүп келет. Мага кам көргөнү жагат. Эшикте жүрсөм жемпиримди көтөрүп келет, көйнөгүмдү сыдырып берет, чачымды өрүп коет ж.б. Колумду акырын кармап, анан өөп койгон адатын өзгөчө жактырам. Көздөрү эле мага болгон сүйүүсүн айтып турат.

Почтама кат келди. Университетке магистратурага өтүп кетипмин. Бул менин кыялым эле. Көргөн көзүмө ишенбей төрт жолу окудум. Сүйүнөөрүмдү же ыйлаарымды билбей калдым. Бир жылга кетишим керек. А кайын-журтум, күйөөм эмне болот? Мени түшүнүшөбү? Эл эмне дейт?

Күйөөмө айтсам маанайы түшүп калды. Унчукпай сыртка чыгып кетти. Баргым келип жатканын айткам. Андан колдоо күткөм. Ыйлап кирдим. Кайын энем келип калды. Ага баарын айтып бердим. Кайын энем унчукпай угуп отруду дагы, мындай деди. "Сен турмушка чыксаң эле окубай калышың керек эмес. Билимге умтулганың жакшы, кызым. Эмнеге ыйлайсың, кайра сүйүнбөйсүңбү. Чет өлкөдөн окуп келет экенсиң, эл-жер көрөсүң. Буйруса, жакшы бүтүп алсаң чоң-чоң жерлерде иштейсиң. Ооба, сен бирөөнүн кызы, жубайы, келинисиң. Бирок, ошол эле учурда сен өз жашоосу бар адамсың. Кийин өкүнүп калгыча, мүмкүнчүлүк болуп жатканда кыялыңды орундат. Мен сени колдойм кызым, окуп билим алышыңды каалайм. А тигиниби, аны мага кой. Балам деле сүйүнүп жатат, болгону сенден алыста болоруна капа болуп чыгып кетсе керек. Таарынчы таркаганда келет өзү эле. Сен кыялдарыңды сатпа. Кайра биз сыймыктанабыз, келинибиз чет өлкөдө окуп жүрөт деп. Тур, бетиңди жууп келегой, чогуу кафеге барып майлап келели."

Сүйүндүм. Эшикке бетимди жууганы кетип баратсам күйөөм отуруптур. Мени көрүп тура калды. Жаныма келип "кечирип койчу, апамдыкы туура" деди.

Булак: Bilesinbi.kg

Последние новости