www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майрамбек Ахмедов 2 миллион 500 миң сом сыйлык алды Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети өлкө тышка алтын сатууну кайрадан токтотконун маалымдады.

Былтыр күздө алтындын дүйнөлүк баасы арзандап кеткендиктен Өзбекстан алтынды сыртка чыгарууну, сатууну токтоткон болчу.

Быйыл май айында алтындын бир унцийинин баасы 1900 доллардан ашкан. Баа кымбаттаган учурда Өзбекстандын Борбордук банкы чет өлкөлөргө алтын экспорттоону жандантып, майда эле жалпы наркы 1,2 млрд долларга барабар көлөмдөгү алтынды чет өлкөлөргө саткан. Июнь айында 191 млн долларлык алтын сыртка экспорттолгону кабарланды.

Учурда алтындын дүйнөлүк биржалардагы орточо баасы 1782 долларга барабар.

1-августка карата Өзбекстандын алтын-валютасынын расмий резерви бир айда 965 млн долларга көбөйүп, жалпысынан 35,1 млрд долларды түздү. Анын ичинен жалаң алтын запасынын үлүшү 21,5 млрд доллар же 367 тонна алтынга тете. Резервде турган алтындын көлөмү дагы 9,3 тонгага көбөйгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости