www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик коррупционерлерге каршы чыкты. Бирок: 1). Президент айланасындагы коррупционерлерден кутулуш керек.  Жапаров сыяктуулар 90 млн карызын төлөбөй, президентке “күлтүк” болуп, элди жазага тарттырып, “Кумтөр” боюнча өзү суудан кургак чыгып, башкаларды каматып жатат. 2). Коррупционерлер камалганы менен элдин айтуусунда күч органдарынын ооздорун доллар менен майлап, сом менен бюджетке төгүп Муха Абылгазиев, Суракматов, Пирматов сыяктуу бошоодо. Сариевдер  деле берсе бошойт. 3). Бабанов, Сапар Исаков,  Шадиев, Албек Ибраимов сыяктуу Интерполду уруп ойнобогондор бар. 4) Жантөрө Сатыбалдиев, Атамбаев сыяктуу камалышса эле ооруп ок тийип калат.  Кыргызстанда өлүм жазасына жашыл жарык күйсө, коррупционерлер коркуп мамлекеттик бюджетти сорбой калышмак.

Барыбыз үлгү туткан демократиянын чордону АКШны алалы.  АКШ федеративдик өлкө, өлүм жазасын даңазалаган.  Ар бир штат өзүнчө мыйзам алып ошол мыйзам менен жашайт. АКШнын 28 штатында өлүм жазасы типтирүү. Кытайда да коррупционерлерди чекеге атат. Кытайда сот системасы партияга көз каранды. Бийликтин буйругу менен көптөгөн оппозициялык саясатчылар өлүм жазасына тартылып кетмек. Бирок өлүм жазасы оюнчук чыныгы коррупционерлер ким экенин эл билет. Кыргызстан ОБСЕ биримдигине киргенде өлүм жазасын алып салганбыз. ОБСЕ Кыргызстанды эмне кылып жыргатты? Акаевдин убагында бир-эки жыл мүлк министри болгон Жээнбеков ит бекер 400 чоң обьекттерди менчиктештирип алды. Акаев болсо өлүм жазасын алдырды. Элдин барын өлүм жазасын кийирген АКШда өлүм  жазасы бар. Демократиялуу өлкөдө өлүм жазасы татаал жана машакаттуу, тактыкты талап кылган процесс. Эмне учун АКШ демократияны тануулаган биздей Кыргызстанда өлүм жазасы жок?

«Өлүм жазасын» кийирүү тууралуу сунуштар маалымат беттеринде көбөйүп баратат. Кытайда коррупционерлерди чекесине мылтык такап атып салышат экен. Бизде болсо Тайырбек Сарпашевге окшогондор камалымыш болушуп, эшиктен киришип «тешиктен» чыгып алышып, «ламбада» тебишет. ХИПК деп сайрай калчу Жапаров «хамалеончо» өзгөрүлүп «Кумтөр» деп сайрап калган, «сдачасына» дайым даяр минфинди алды. Залкар акын айткандай: “Бир топ жылдардан бери бүтпөй жаткан "ДАМАСтын" күн батыш жагы эми көздүн жоосун алат жаркырап, Кумтөрдүн алтынынын натыйжасы, жаңы кызматтын пайдасы дароо тийген окшойт дедик жанынан өтүп баратып...“.”Карга карганын көзүн чукубайт”. Жапаров, Бабанов, Сарпашев, Ташиев үчүнчү парламенттин депутаттары, спикери Текебаев, Акылбек Жапаров бул кезде минфин болгон.

Өрттөө, тирүүлөй көмүү, жиликтөө, крестке кадап салуу, атка сүйрөтүү сыяктуу адам өлтүрүүнүн канчалаган жолдору бар. Кылмышкерлерден же өчөшкөндөрдөн кек алуу үчүн тарыхта не деген шумдуктар болбоду. Эми да өлүм жазасы –көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде колдонулуп, ал эми чабал, артта калышкан мамлекеттерде алынып салынган жазалоо чарасы. Эмне үчүн «демократиянын чемпиону» АКШ, аны менен кошо Евробиримдик алы жеткен дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге өлүм жазасын алып салууну таңуулайт да, өздөрү мыйыгынан жылмайышып өлүм жазасына тийишкиси келишпейт. Эмне үчүн АКШ, Англия, Япония, Кытай, Сауд Аравиясында жана башка өнүккөн мамлекеттерде өлүм жазасы колдонулуп келатат?

Анткени, мындай жазалоо чарасы жаратылыш мыйзамдары менен чырмалышкан жана табиятта өз алдынча баланс түзүп, жазалоонун ырайымсыздыгынын, жоопкерчиликтүүлүгүнүн жана каардуулугунун бетин ачып, ченемин көрсөтүп турат.


Кайсы мамлекеттерде өлүм жазасы колдонулат: Өлүм жазасын колдонгон мамлекеттер азчылыкты түзөт.106 мамлекет өлүм жазасын калып салган, 58 мамлекетте мыйзам боюнча өлүм жазасы бар, алардын ичинде 22 мамлекет гана колдонулат. Булардын ичинде АКШ менен Белорусияны кошпогондо бардыгы Азия менен Африкада:

Кытай, Иран, Сауд Арабиясы, Мисир, АКШ, Ирак, Пакистан, Сомали, Иордания, Кувейт, Бангладеш, Ооганстан, Түндүк Корея, Малайзия, Япония, Түштүк Судан, Вьетнам, Бахрейн, Сингапур, Белорусия, Йемен, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия.

Өлүм жазасы мыйзамдаштырылган, бирок 2020-жылы өлүм жазасы колдонулбаган мамлекеттер, балким бул мамлекететр жарандарын коркутуу максатында өлүм жазасын кийиришкендир: Барбадос, Гайана, Тринидад жана Тобаго, Бангладеш, Бахрейн, Индия, Индонезия, Катар, Кувейт, Ливан, Мальдивы, Мьянма, Корея Республикасы, Таиланд, Шри-Ланка, Алжир, Ботставана, Гамбия, Гана, Замбия, Зимбабве, Кения, Конго Демократиялык Республикасы, Конго Республикасы, Лесото, Ливия, Мавритания, Мали, Марокко, Нигерия, Сьерра –Леон, Тунис, Уганда,Түштүк Судан.

Кайсы мамлекеттерде өлтүрүлгөн адамдардын саны жашыруун: 2020 –жылы дүйнөдө миңге жакын адам өлүм жазасына тартылган. Алардын ичинде Кытай жана Түндүк Корея, Вьетнам, Түштүк Судан өлтүрүлгөн адамдардын санын жашыруун сакташат. Өлүм жазасы көйгөйүнүн башка тарабынан карап көрөлү. Өлүм жазасы Тоорат, Инжил, Куран сыяктуу китептердин ыйык жазууларында жогору жактан кудайдан берилген. Бизде диний ишенимдер бардыгынан адилеттүү болушуп, адамкерчиликтин жогорку нормаларына жатарын билебиз. Эгер кудайдын өзү өлүм жазасын колдонуу зарылчылыгына ыйык жазууларында уруксат берип жатса, анын айткандары демек туура. Же жокпу? Эгер биздин батыштын эксперттери өлүм жазасын жоготуу зарылчылыгын жактап «далилдеп» берип жатышса, демек алар кудайдан да гумандуу жана адамкерчиликтүү болуп калышабы? Өлүм жазасы – өзгөчө тыюу салынган, бирок зарыл, коомдун жана табияттын мыйзамдары менен чырмалышкан, акыйкатчылыкты, балансты, тартипти жана өнүгүүнү орнотот.

Кайсы мамлекеттерда адам көп өлтүрүлөт?

Өлүм жазасын жашырбаган мамлекеттердин ичинен 90 пайызга жакыны: Иран, Сауд Арабиясы, Ирак, Пакистан жана Кошмо Штаттарына туура келет.

АКШда өлүм жазасына кантип тартылат?

АКШда заманбап өлүм жазасынын сырларын билсе болот. Өлүм жазасын АКШ жашырбаган мамлекет. Бийлик өлүм жазасына тартыла турган адамдардын тизмесин жарыялайт, журналисттер алардын өмүр баянын, тарыхын иликтешип, ар кандай сюжеттерди тартышып, маалыматтарды беришет.

Өлүм жазасы АКШнын 31 штаттарында колдонулуп, адам өлтүрүүнүн беш ыкмасы колдонулат:

1. Бардык аймактарда негизги адам өлтүрүүнүн ыкмасы адамды өлтүрө турган дары сайышат;

2. Электр стулуна отургузуп, ток менен өлтүрөт;

3. Адамды газ менен өлтүрөт;

4. Өлүм жазасына тартылгандар өздөрү кантип өлүүнү тандап алышса болот. Бул атуу жолу.

5. Өлүм жазасына тартылгандар өздөрү кантип өлүүнү тандап алышса болот. Бул дарга асуу жолу.

Америкалык кылмышкерлердин оорутпай өлтүүнүн ыкмаларын тандап алууга укугу жок.

Акыркы жылдары дарга асуу жана газ менен өлтүрүү ыкмалары АКШда колдонулбай баратат. Акыркы ирет 1999-жылы Аризон штатында Делавэрде дарга асышкан. Ошондон соңбул штатта өлүм жазасы конституциялык жол эмес деп чечилип, өлүм жазасы өмүр боюу камакта өткөрүү менен алмаштырылган.

Буларга салыштырмалуу электр стулга отургузуу жана атуу акыркы жылдары колдонулуп келет. Өлүм жазасына тартылгандардын көпчүлүгү адамды өлтүрө турган дары сайып өлтүрүлөт. Кээ бирлери гана өзүнүн жасаган кылмышы тууралыгын белгилеп, коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн башка ыкмаларды колдонушат

АКШда өлүм жазасына тартыла тургандар өзүнүн акыркы күнүн түрмөдө күтүшөт. Кайсы күнү өлтүрүлө тургандыгын сот билдирет. Өлтүрүлө турганына бир нече күн калган соң соттолгон адамды атайын камерага которушат. Ал өзү менен кошо тыюу салынгандарды албаш керек, анын эски кийим-кечесин алмаштырып, шейит боло тургандарга жаңы кийим беришип, толугу менен медициналык кароодон өткөрүшөт. Акыркы күнү балким коштошуп алсын дешеби, үй-бүлөсү менен жолугушканга уруксат берилет.

Өлүм жазасына тартыла тургандарда мындай адат бар, ал өлөөр алдында каалаган тамагын жегенге болот, албетте, өтө кымбат баалуу эмес. Мындай ырым-жырымдар бардык штаттарда колдонулат. Техас штатында гана 2011-жыды бул ырым-жырымдарга тыюу салган. Мындай өзгөчөбуюртма менен даярдалган тамактарга үндүктүн эти, шоколад, балмуздак жана башка көптөгөн буюртмалуу тамактар кирет.

Адамды өлтүрө турган бөлмөгө он мүнөт эртерек алып киришет. Ал жерден жаткызып туруп, ага акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк беришет, ошондон соң гана өлтүрө турган дарыны сайышат. Ал бөлмөдө телефон болот, акыркы үмүт деген жаман эмеспи, сот чечим чыгарып «любой» убакта өлүм жазасын өзгөртүшү мүмкүн. Өлтүрүп жаткан убакта күбөлөр: журналисттер, достору, туугандары катышы мүмкүн.

2020 -жылга карата АКШда өлүм жазасына 2817 адам тартылса, алардын ичинде 53 аялзаты болгон.Өлүм жазасына тартылгандардан 155 адам күнөөсүз экенин тастыктап бошонуп чыгышкан. Акыркы жылдары өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин саны азайып баратат: 1998-жылы 295 адам болсо, 2020-жылы 39 адам өлүм жазасына тартылган. Өлүмдү күтүү кээ бир убакта жылдап созулуп кетет, камакта жаткандар түұрмөдө он жылдан ашык күткөн убактар болот. Өлүм жазасына тартылгандардын 40 пайызы өкүмдүн аткарылышын көп жылдар күтөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости