www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен коогалыңында он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек маркум кызыбыз Мадинага арнап белгилүү ырчы, Нияз Абдразаков өзүнүн обондуу ырын жаратты. “Кечирчи, Мадина” аттуу ырдын жаралышы тууралуу ырчыны кепке тарттык.

- Нияз мырза, өзүңүздүн социалдык баракчаңыздан “Кечирчи, Мадина” аттуу ырды аткарууңузда угуп, сиз менен баарлашууга кызыкчылык пайда болду. Кыска убакытта бир нече катталуучуларыңыз сизге пикирин билдирип, рахматын айтканга да жетишти окшойт. Буюрса, маркум Мадинага арналган ырыңыз кыргыз коомчулугуна чоң талкууга алынат го... 

--Бул сиздин оюңуз болду, рахмат. Кудай буюрса, эл тараза эл сынчы. Ырдын жазылып калуусуна Баткен окуясы, каргашалуу күн түрткү берди. Кара түтүн каптап, ок жаңырган күн мен эмес, “кыргызмын” деп тамыры соккон атуулдардын баарын кейитти. Албетте, Баткен окуясына катуу таасирленип жүргөнүмдө алгач обону чыкты. Мадинага арналган сөз Жакут Сыдыковго таандык. Өкүнүчтүүсү, Баткен согушунда каза болгон “Кечирчи, Мадина” аттуу ырды аткарган мага өтө оор болду. Мындай көз алдыңда орду толгус жоготуу эч бир инсандын башына салбасын, эч бир үйдө жарыктык менен коломтонун оту өчпөсүн. Канчалаган жарандарыбыздын кайтыш болуп кеткени бул жоготууну сөз менен айтып жеткире албайбыз. Убакыттан пайдаланып, ошол каргашалуу күндө каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Баса, жакын арада маркум Мадина карындашыбызга арналган ыр ютуб каналга жүктөлөт.  

--Нияз мырза, адам эмгекти жаратыш үчүн мээнетти талап кылат...тилекке каршы айрым ырчылар эмгектин ордуна жеңил пиарга өтүштү...Сиз акырындык менен сапаттуу ырларды чыгарып коюп жүрө берген жагат окшойт.

--Ар бир нерсенин өзүнүн кыйынчылыгы бар...Хайп менен алектенген ырчыларга эч нерсе дей албайм. Эми хайптын өмүрү кыска да...

--Жашоодо нотага байланган өмүр болуп калгыңыз келбейби?

--Жок, Кудай сактасын, жакшы ниеттерим бар...

--Жакын арада жаңы клип тарттырдыңызбы?

--Ооба, Түркияда Майрамбек экөөбүз “Ойлобо” деген клипти тартып күйөрмандарга тартуу кылдык. Жакында жакшы ниеттерибиз бар.

--Эл аралык деңгээлге чыгайын деген ой барбы? Атактуу дүйнөлүк ырчылар, Шакира, Таркан менен ырдап же киного тартылып...

--Бардык нерсе адамдын ниетине жараша, мүмкүн сиз айткан деңгээлге чыгып калаарбыз.

Эске сала кетсек, ырчы Нияз Абдразаков Кыргызстандагы салмактуу ырчылардын алдыңкы катарын толуктайт. Казакстандагы белгилүү ырчы Кайрат Нуртас сыяктуу ырчылар менен кызматташып келет. Айрым ырчылар сыяктуу хайп үчүн калжаңдабаган ырчылардын алдыңкы катарын толуктайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости