www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар үчүн дары-дармектерди арзандатылган баада саткан дарыканалар уюштурулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган дарыканалар шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарында ачылат. Бүгүнкү күндө даярдык иштери жүрүп, дары саткан фирмаларга конкурс жарыяланганы айтылды.

«Дары-дармектер 1-2-3-топтогу майыптарга 30 пайыз, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 пайыз, башка жарандарга рецепт болгон учурда 10 пайызга арзан сатылат. Мындай жеңилдиктер шаар тургундары үчүн гана каралган», — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин түштүк филиалы менен мэриянын атайын жумушчу тобу иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости