www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара режимин жана мамлекеттик чек араны бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жанында Чу дарыясынын жээгинде «Чекиш-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жаткан иштер республиканын чек ара мыйзамын бузбайт, себеби бул аймак чек ара тилкесине кирбейт, ал эми чек ара сызыгы бул участокто Чу дарыясынын ортосу менен өтөт.

Чек ара кызматы чарбалык иштерди жүргүзүүгө уруксат берилген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек арага канатташ аймактардагы абалга көзөмөл жүргүзүп келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости