www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден мунайдын баасынын кескин өсүшү үчүн Орусияны жана Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмуна (ОПЕК) мүчө мамлекеттерди айыптады. Бул тууралуу ал Глазгодогу климат боюнча саммит учурунда билдирди.

Анын пикиринде, көмүртектерге болгон баанын секирүүсү ОПЕК өлкөлөрүнүн, атап айтканда, Орусиянын кошумча мунай өндүрүүдөн баш тартуусунун кесепети болгон.

«Эгерде бензиндин баасын, мунайдын баасын карай турган болсок, учурда бул Орусиянын же ОПЕК өлкөлөрүнүн мунайды көбүрөөк сордуруудан баш тартуусунун кесепети», - деди америкалык лидер.

Ошол эле учурда Байден окуялардын өнүгүшүн күтүп жатканын айтты. «Келгиле, муну менен эмне болорун көрөлү, аны эртерээк көрөбүз», - деди Байден.

Эске салсак, буга чейин Байден энергия керектөөчүлөрдү ОПЕК+ өлкөлөрүнөн мунай берүүнү кеңейтүүгө чакырганы белгилүү болгон. Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки да АКШ администрациясы ОПЕКке мүчө мамлекеттерге энергетика базарларында күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө таасир этүүдө деп билдирди.

Bank of America аналитиктери буга чейин Brent мунайынын баасы 2022-жылдын жайына чейин бир баррелине 120 долларга чейин көтөрүлөт деп болжолдошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости