www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путиндин Глазго саммитиндеги кайрылуусу

Орусия дүйнөдөгү жалпы көлөмдүн 20 пайызын түзгөн өзүнүн токойлорун сактоо үчүн активдүү чараларды көрүүдө. Бул туурасында Орусия лидери Владимир Путин БУУнун климаттык саммитинин катышуучуларынын токой чарбаларын башкаруу боюнча отурумуна киргендерге видеокайрылуу кылып жатканда айтканын РИА Новости кабарлады.

"Биздин өлкөдө дүйнөдөгү токой массивдеринин 20 пайызы жайгашкан. Аларды сактоо үчүн өтө олуттуу жана активдүү чараларды кабыл алып, токой чарбаларын карап кам көрүүнү өнүктүрүп жатабыз. Өрткө жана токойду мыйзамсыз кыйгандарга аеосуз күрөш жарыялап, кайра калыбына келтирүү иштерин колго алганбыз. Албетте, мындай иштерге бөлүнгөн каржы да улам өсүп бара жатат", — деди Путин.

Орусия БУУнун Глазго шаарындагы климаттык саммиттин алкагында иштелип чыккан токойлор боюнча кабыл алынган биргелешкен декларациянын долбоорун бекитүүнү колдойт. Бул туурасында Путин саммиттин алкагында өткөн токой чарбасын өнүктүрүү жана жерди пайдалануу боюнча отурумдун катышуучуларына кайрылып жатып баса белгиледи.

"Орусия бүгүнкү отурумда сунушталган токой жана жерди пайдалануу боюнча биргелешкен декларациянын долбоорунун бекитилишин колдойт. Аны ишке ашыруу токойго сарамжалдуулук менен мамиле кылууга кызыкдар болгон бардык мамлекеттердин тыгыз кызматташуусуна түрткү болот деп эсептейбиз", — деди Орусия лидери.

Анын пикиринде, бул кадам атмосферадагы көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча Париж макулдашуусунун максаттарына жетүүгө жардамчы болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости