www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канаданын Британ Колумбиясы деген батыш провинциясында 3300дөн ашык медициналык кызматкер COVID-19 вакцинасынан баш тартканы үчүн иштен бошотулду. Бул тууралуу Global News кабарлады.
Маалым болгондой, облустагы 127,5 миң медицина кызматкеринин 96%ы коронавируска каршы эмдөөнүн толук курсун аяктады. 2000ден ашууну бир компонент менен эмделген. Эмдөөдөн баш тарткандардын саны 3 325ти түзөт. Натыйжада алар кызматтан бошотулган.
Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен улам ооруканалардагы иштер токтотулган.
Эске сала кетсек вакцина алуу дүйнө жүзүндө талаш-тартышты жаратууда.
Булак: NazarNews.kg