www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мунай кымбаттап, алтын арзандады

Алтындын баасы мунайдын кымбатташы жана АКШ облигацияларынын кирешелүүлүгүнүн өсүшү фонунда төмөндөдү.

18-августта дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөдү. Буга Жакынкы Чыгыштагы кризистин узакка созулушу мүмкүн деген кооптонуу жана АКШ менен Ирандын ортосунда тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча үмүттөрдүн азайышы таасир этти.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкек убактысы боюнча болжол менен 15:15те спот алтындын баасы 0,5% төмөндөп, унциясы 4 391,77 долларды түздү. Ал эми АКШда декабрда жеткирилүүчү алтын фьючерстери 0,6% арзандап, 4 447,30 долларга түштү.

Ошол эле учурда мунайдын баасы эки жумадан ашык убакыттагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү. АКШнын мамлекеттик облигацияларынын сатылышы күчөп, 30 жылдык казына облигацияларынын кирешелүүлүгү дээрлик 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Эксперттердин баамында, энергиянын кымбатташы инфляция күчөйт деген кооптонууну жаратып, пайыздык чендердин жогорулашына байланыштуу күтүүлөрдү бекемдейт. Бул өз кезегинде пайыздык киреше алып келбеген алтындын инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтүшү мүмкүн.

Буга чейин алтындын баасы 5-июндан берки эң жогорку деңгээлге жеткен. Эми инвесторлор АКШнын Федералдык резерв системасынын акыркы жыйынынын протоколдорун күтүп жатышат. Документ пайыздык чендердин мындан аркы багыты боюнча түшүнүк бериши мүмкүн.

Башка баалуу металлдар да арзандады: күмүш 1,3% төмөндөп, 64,94 долларды, платина 1,5% арзандап, 1 742,70 долларды, палладий 1,5% түшүп, 1 313,96 долларды түздү.

Последние новости