www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүздөгү жылдын 17-мартында Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Каза болгон жана күнөлүү делген баланын апасы окуя тууралуу айтып берген.
Ал инисин мууздаганын моюнуна алган баласынын күнөөсү жок экенин айтат.
«Ооруйт деп аяган балам эле. Кичине урушуп койсок, оорусу кармап калат деп баарыбыз урушпай, көзүнө карап турчубуз. Мектепке 1-классынан баштап 4-класска чейин өзүм алып барчумун, кайра алып келерде байкелери барышчу. Мен балдарыма ишенем. 4 балам бар. Балдарымдын бардыгы иним ооруйт дешип жакшы карашчу, аны кошуналарым деле билет. Ортончу балам Сыймык 2004-жылы туулган, 9-классты бүткөндөн кийин окуусу онлайн болуп үйдө инисин карап жаткан.
9-класс менен 11-классты окуган балдарым кадимки режимде окуп, ошол күнү ЖРТга даярдануу тестине тапшырганы кетишкен. Мен эртең менен саат 07:30дарда жумушка кеткем, үйүмө жакын жерде эле тигүү цехинде иштейм. Күнүгө инисин балам Сыймык карап калат. Мен кетип жатканда уктап жатышкан. Берки эки балам болсо мектепке кетишкен. Күндөгү эле иш да эми.
Өзүм үйгө ар бир эки саат сайын келип кабар алып турам, ошол күнү дагы саат 9дарда балдарды бир карап коёюн деп келдим. Келгенде балдар дагы деле уктап жатышкан. Ошол бойдон жумушка барып, кайра болжол менен саат 11:30, 12лерде келдим. Келсем эшик ачык, үйдүн ичи чачылган. Биздин конушта 10 күндөн бери ууру жүрөт. Эл деле кошунамдын сыналгысын жана башка буюмдарын уурдап кетти деп айтып жатышат. Аны угуп эле жатабыз да. Анан чуркап эле балам уктап жаткан бөлмөгө кирдим, ал жак дагы чачык. Үйгө ууру кирген турбайбы деп балдарымды издеп баштадым. Ууру баламды бир чаптыбы, оорусу кармап калдыбы деген ой кетти. Көрсө, кичүү балам Максат бөлмөдө эле жатыптыр, аны төшөктөр менен жаап салган үчүн мен көрбөй калыптырмын.
Сыртка чыгып Сыймыкты издедим, көчөгө чыгып кошуналарыма барып кайра келдим. Айлам куруп үйдө отурсам, Максаттын бутун көрүп калдым, биринчи киргенде байкаган эмесмин. Үстүндөгү төшөктөрдү алсам, кан болуп жатыптыр. Союп кетти деп такыр ойлогон жокмун да. Мурду канап кетиптир деп ойлоп, баламды колума алып көзүңдү ач балам десем турбады, суу алып келейин деп жерге жаткырсам моюну кесилип кетиптир. Моюну ачык, канга боёлгон. Төшөккө көмүп салган үчүн тердеп кетиптир, баламды жерге коюп кошуналарга чуркадым. Алар болуп ооруканага алып баралы деп унаага салып жөнөдүк. ФАПка барсак, азыр «Тез жардам» чакырабыз деп токтотуп коюшту. Ал жакта 20 мүнөттөй туруп калдык, ошол жерден балабыздан айрылганыбызды уктук. Анан кайра үйгө алып келдик. Бул учурда Сыймык жок, аны алып кетишкен окшойт», - деп айтып берди апасы.
Ал эми апасы жана жакындарынын айтымында, Сыймык аттуу баласы инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес. Бизди эч кандай суракка чакырышкан жок, 16 жаштагы балабызды милиция алып кеткен бойдон тыңыраак жолуккан жокпуз дешти алар.
«Ошентип милициялар келип, текшерүү жүргүзүштү. Кол тамгабызды алып, бизден сурабай балабызды моргго алып кетишиптир. Биз ошол бойдон Сыймыкты көргөн жокпуз, аны кармап туруп эле алып кетип калышыптыр. Ата-энеси менен чогуу сурак берип жатат деп маалымат беришиптир, жалган айтышат. Коркутушканбы билбейм, күнөөнү моюнга алып эле отуруп калды. Бейкүнөө балабыз темир тордо отурат, акыйкат тергөө күтөбүз», - деп билдирди апасы.
Булак: NazarNews.kg